Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрөт

ӨКМ мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казыла элек же үстү жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу экенин эскертти.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Өлкөнүн айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирип, шашылыш кабар таратты.

Маалыматка ылайык, 25-26-сентябрь күнү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде абанын температурасы 0…-2 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

ӨКМ мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алына элек же үстү жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу экенин эскертти.