Интернет-аукциондо 20 сом номиналындагы купюра 3500 сомдон сатылууда

Бул банкнота эмнеге мынча кымбат экени да айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Россиянын Newmolot интернет-аукционунда 20 сом номиналындагы купюра 3350 рублдан (3500 сом) сатылууда.

Башкача айтканда бул банкнота өз наркынан 175 эсе кымбат турат. Анткени анын сериясы өзгөчө. Мындай сериядагы банкноталар жараксыз болгон купюраларды алмаштыруу үчүн чектелүү гана санда чыгарылат. Ал өз кезегинде коллекционерлер арасында жогору бааланат.