Чычкан капчыгайында оодарылган автоунаа адам өмүрүн алды

Жол кырсыгы 23-сентябрда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош автоунаа жолунун 251-чакырымындагы Чычкан капчыгайында 23-сентябрда саат 9:35тер чамасында Volkswagen Passat-B3 үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыктан бир эркек киши каза болуп, 5 адам жаракат алган.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.