БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Токмок шаарында "Кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу" күнүнө арналган иш-чаралар башталып, жарандык коргонуу кызматтары, авариялык куткаруу унаалары, жергиликтүү калк жана шаар жаштары жөө жүрүшкө чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Иш-чарада ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан куткаруу шаймандары, техникалары көрсөтүлүп, жол кырсыгында биринчи медициналык жардам берүү мисалдары менен коштолду.
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүн белгилөөнүн негизги максаты — өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм турум саясатын түзүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.
Буга чейин дал ушундай иш-чара Жалал-Абад шаарында өткөн.