Радио

Чочунбаева: чеберлерге төмөн пайызда насыя берилиши керек

ЮНЕСКОнун кол өнөрчүлүк боюнча серепчиси Динара Чочунбаева кыргыз чеберлери абдан таланттуу экенин айтты.
Sputnik
Чочунбаева: чеберлерге төмөн пайызда насыя берилиши керек

Кол өнөрчүлөргө төмөн пайыздык атайын насыя берилиши керек. Мындай пикирин Динара Чочунбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөт чеберлердин үнүн укпай келет.

"Кол өнөрчүлөр өздөрүнүн тармагын өнүктүрүү үчүн аз пайыздагы насыя алууга муктаж. Биринчиден бүгүнкү күндө насыялардын пайыздары өтө жогору. Экинчиден аларга айыл-чарбага тиешеси жок деп насыя бербей келишет. Бирок чеберлер койдун жүнү менен иштейт да. Мындай маселелерди тилекке каршы, өкмөт карабай жатат", — деди Чочунбаева.

Ал ошондой эле чет өлкөдө кол өнөрчүлөр үчүн атайын наамдар берилип турарын кошумчалады.