Бишкек мэриясы "Бардыгы үчүн акылдуу шаар" долбоорун иштеп чыгат

Калаа башчылыгы бул долбоор кайсы тармактар үчүн пайдалуу болорун айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы Улуу Британиянын эл аралык өнүгүү департаменти (DFID) менен биргеликте "Бардыгы үчүн акылдуу шаар" долбоорун иштеп чыгат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев мэрияга жер тилкесин белек кылган жаранга саат тапшырды
Мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев бул долбоордун ишке ашышы ар бир жаран үчүн маанилүү экенин, жана DFID уюмуна колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Өз кезегинде уюмдун өкүлү кызматташуу боюнча илгери үмүтү бар экенин белгиледи.

Долбоорду иштеп чыгууда шаардыктардын жайлуулугу, пландоо, өнүгүү, логистика, экономикалык ишмердик, социалдык адилеттүүлүк жана башка мүмкүнчүлүктөр башкы орунга коюлат.