Апта ирмеми: мылтык кармаган Путинден, сексуалдуу чирлидер кыздарга чейин

Sputnik

Лондондо (Улуу Британия) "Жаз-жай — 2019" аттуу мода жумалыгы өттү.

Перуда болсо өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн бир жылдыгы белгиленип, аскер кызматкерлери салтанаттуу парадга чыгышты.

Түндүк Кореянын Пхеньянь шаарында кореялыктар аралык саммит уюштурулду.

Аалам аралап кеткен Көчмөндөр оюндары. Иш-чарадан мыкты 10 сүрөт
Мюнхенде ар жылы белгилене турган Октоберфест аттуу бавариялык пива фестивалынын ачылыш аземи болду. Фестиваль быйыл 185-жолу белгиленип жатат.

Лондондогу "Уэмбли" стадионунда дүйнө чемпиондугу үчүн Энтони Жошуа менен Александр Поветкин салгылашты.

Россиянын президенти Владимир Путин Подмосковьедеги "Патриот" паркындагы ок атуу борборуна барып, СВЧ-308 деп аталган снайпердик мылтык менен өзүн сынап көрдү.

Кытайдагы "Мангхут" тайфунунан төрт адам каза болуп, миңдеген имарат урап, 4 миңден ашык курулуш жапа чекти.

Алматыда ЯРКОкросс Night Edition марафону өтүп, анда чуркагандарга түстүү пудралар чачылды.

Эл аралык космос станциясына беш тоннадан ашык жүктү жеткирүү үчүн Японияда KOUNOTORI7 космостук жүк ташуучу унаа менен Н-IIВ ракетасы ийгиликтүү түрдө кое берилди.

1 / 17
Ишемби күнү Лондондогу "Уэмбли" стадионунда дүйнө чемпиону наамы үчүн британиялык Энтони Жошуа менен россиялык Александр Поветкин салгылашты. Мелдештин 7-айлампасында британиялык мушкер россиялык атаандашын нокаутка жыгып, оор салмакта WBA Super, WBO, IBF жана IBO титулдарын коргой алды.
2 / 17
Индиянын Хайдарабад шаарында аял бир колуна баласын көтөрүп алып аба шарларын сатып жүрөт.
3 / 17
Россиянын президенти Владимир Путин ок атуу борборун кыдырып, снайпердик мылтык менен күчүн сынап көрдү.
4 / 17
Москвадагы (Кашир шоссеси) А-105 трассасы менен тегеренме унаа жолунун чиеленишкен жери
5 / 17
Модель Винни Харлоу Лондондо өткөн "Жаз-жай — 2019" мода жумалыгындагы Хейли Болдуиндин коллекциясынын көргөзмөсүндө
6 / 17
Стамбулдун асмандан көрүнүшү
7 / 17
Перунун куралдуу күчтөрүнүн бир жылдыгына карата аскер кызматкерлери парадга чыкты
8 / 17
Белоруссиянын "Налибокский" ландшафтык коругундагы бугулар
9 / 17
Сеулдагы тепкичке түшүрүлгөн корей жарым аралынын сүрөтү
10 / 17
Италиянын "Ювентус" футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду Испаниянын "Валенсия" командасы менен беттешип жатып, 29-мүнөттө кызыл карточка алып калган. Оюндан четтетилген чабуулчу футбол талаасынан чыгып баратып ыйлап жиберген
11 / 17
Кытайда төрт адамдын өмүрүн алып, миңдеген имараттарды кыйроого алып келген "Мангхут" тайфуну
12 / 17
Алматыда өткөн ЯРКОкросс Night Edition аталышындагы марафондун катышуучусу. Марага жеткенге чейин чуркагандарга түстүү пудра чачылган
13 / 17
Кытайдын Ганьсу облусунда жүгөрү кургатуу учуру
14 / 17
Мюнхендеги Октоберфест бавариялык пива фестивалынын ачылышында коноктор каруселдерге түшүп көңүл ачууда
15 / 17
Эл аралык космос станциясына беш тоннадан ашык жүктү жеткирүү үчүн Японияда KOUNOTORI7 космостук жүк ташуучу унаа менен Н-IIВ ракетасы ийгиликтүү түрдө кое берилди
16 / 17
Тегерандагы (Иран) шиит шейиттерин эскерүү күнү
17 / 17
Denver Broncos америкалык футбол командасынын чирлидер кыздары