Учакта чуу салган Зууракан Каденова соолугуп, Бишкекке келе жатат

Зууракан Каденова 23-сентябрга караган түнү саат 2.00дөр чамасында элчиликтин кызматкерлери тарабынан Инчондогу жатаканага жайгаштырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Сеул — Алматы багыты боюнча уча турчу самолетто жаңжал салып, борттон түшүрүлгөн эмгек, социалдык өнүгүү министринин орун басары Зуура Каденова бүгүн башка учак менен Бишкекке жөнөтүлдү. Бул туурасында Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан билдирди.

Эскерте кетсек, депутат Аида Исмаилова Сеулда жогорку кызматта иштеген кыргызстандык мас аял бир сааттан ашык жаңжал салып, анын айынан Алматыга уча турган учак эки саат кармалып калганын айткан. Кийинчерээк ал эмгек, социалдык өнүгүү министринин орун басары Зуура Каденова экени белгилүү болгон.

"Минстрдин мурдагы орун басары 23-сентябрга караган түнү саат 2.00дөр чамасында элчиликтин кызматкерлери тарабынан Инчондогу жатаканага жайгаштырылган. Анын жанында биздин консул болду. Бүгүн эртең менен саат 10.00дө Сеул — Алматы — Бишкек каттамы боюнча учуп кетти. Аны Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин кызматкери кайра эле Air Astana компаниясынын учагына салып жиберди", — деди элчи.

Арак түбүнө жетип бараткан өлкөлөрдүн рейтинги чыкты
Ал ошондой эле Каденованын жанында консул болгондуктан соолуккандан кийин эмне дегени боюнча маалыматы жоктугун кошумчалады.

Бул окуядан кийин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Зууракан Каденованы кызматынан алуу боюнча буйрукка кечинде кол койгон.