ОШ, 23-cен. – Sputnik. Өзгөн районунун Кароол айылында эки унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен Ford Mondeo унаасынын айдоочусу каза болду. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.
Ага ылайык, кырсык 22-сентябрда саат 22:25тер чамасында болгон.
"Чоң-Алай районунун Кабык айылынын 31 жаштагы жашоочусу Mersedes Benz унаасы менен алдыда бара жаткан Ford Mondeo үлгүсүндөгү автону коюп кеткен. Натыйжада андан өрт чыгып, айдоочусу каза болгон. Учурда маркумдун тек жайы такталып жатат. Алдын ала маалымат боюнча биринчи унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бараткандыктан экинчисин коюп алган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда Өзгөн РИИБи тарабынан тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.