Радио

Ишекеев: тил маселеси 23-сентябрда гана каралбаш керек

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев тилдин тагдыры элдин колунда экенин айтты.
Sputnik
Ишекеев: тил маселеси 23-сентябрда гана каралбаш керек

Кыргыз тил күнүн 23-сентябрда гана майрамдык маанай менен билгилеп койбой, күн сайын тил маселесин чечүүгө ар бир жаран аракет кылышы керек. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тилин сактап калуу бир гана Мамлекеттик тил комиссиясынын иши эмес.

"Тил – улуттун байлыгы. Анын тагдыры элдин колунда. Ар бир кыргыз жараны бул багытта жоопкерчиликтүү болушу керек. Кыргыз тили 23-сентябрда гана эмес, ар бир күнү көңүл бурууга муктаж. Күнүмдүк турмушубузда, көчөдө, үйдө, мамлекетибизде кыргыз тили басымдуулук кылышы зарыл. Тилге байланышкан көйгөйлөрдүн чечилиши калктын жигердүү аракетин күтүп турат. Ошондой эле тил маселеси бир гана Мамлекеттик тил комиссиясынын иши десек жаңылышабыз", — деди төрага.

Ишекеев ар бир жаранды тилин сүйүүгө, мекенчил болууга чакырып кетти.