Кыргызстандык аткаминер Путинден медаль алды

Кыргызстандык жигит мындай сыйга 2017-жылы Сочи шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалын уюштурууга кошкон салымы үчүн татыды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов Россия президенти Владимир Путинден медаль алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Ош: дүйнө чемпионатынан байге алган Төрөхан менен Акжол акчалай сыйлык алды
20-сентябрдан тарта Хабаровск шаарында ШКУ өлкөлөрүнүн жаш лидерлеринин II форуму өтүп жатат. Бул жерге Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан жана Беларусиядан келген 120 активист чогулган.

Форумдун алкагында Россия президентинин алыскы чыгыш боюнча өкүлү Пархановго Путиндин атынан мактоо баракчасы менен медаль ыйгарды.

Кыргызстандык жигит мындай сыйга 2017-жылы Сочи шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалын уюштурууга кошкон салымы үчүн татыды.