Жүз аарчы, шакирт... Депутаттар менен жарандар кыргызча сөздөрдү чечмеледи

23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү.
Sputnik

Канчалык сабаттуу жаза аласыз? Тесттен өтөбүз
Бүгүн, 23-сентябрда кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берүү тууралуу мыйзамдын кабыл алынганына 29 жыл толду.

1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили "мамлекеттик тил" деген статуска ээ болуп, ошондон бери майрам катары белгиленип келет.

Буга карата Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Бишкек шаарынын тургундарынан жана Жогорку Кеңештин депутаттарынан айрым кыргызча сөздөрдүн маанисин сурап көрдү. Канчалык деңгээлде туура жооп беришкенине чогуу күбө бололу.