Чүйдө жол эрежесин бузган жөө кишилерге айып салына баштады

Эреже бузгандарга Административтик кодекстин 347-бересине ылайык 500 сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Чүй облусунда 22-сентябрдан тарта "Жөө адам" аталышындагы рейд башталып, жолду туура эмес жерден кесип өткөн жүргүнчүлөргө айып салынууда. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ ЖКККБнын маалымат катчысы Тимурлан Мирсадык уулу кабарлады.

"Рейддин максаты жөө кишилердин катышуусундага жол кырсыктарын алдын алуу жана эскертүү. Ошондой эле жолдо жүргөндөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат", — деди Мирсадык уулу.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору рейд учурунда жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, туура эмес жерден өткөн учурда жол кырсыгы боло тургандыгын айтып беришүүдө.

Жолду туура эмес жерден кесип өткөндөргө Административтик кодекстин 347-бересине ылайык 500 сом өлчөмүндө айып пул салынат.