Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жеңил унаа өрттөндү. Сүрөт

Бишкектин чок ортосунда Audi С4 үлгүсүндөгү унаа өрттөндү
Кырсык болгон жерди эл тегеректеп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда Audi С4 үлгүсүндөгү унаа өрттөндү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу күбө билдирди.

Ал тартып алган сүрөттө көрүнүп тургандай, унаа "Ала-Тоо" аянтындагы унаа токтотуучу жайда турат.

Өрттүн себеби белгисиз. Окуя болгон жерге куткаруучулар келип өрттү өчүрүштү.