Сеулда учакта жаңжал салган аял Жээнбековдун тууганыбы? Маалымат катчынын жообу

Депутат Аида Исмаилова Facebook баракчасына Сеулдан (Түштүк Корея) Алматыга уча турчу аба каттамы Кыргызстанда жогорку кызматта иштеген аялдын чыгарган чырынан кармалып калганын жазган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. КР президентинин маалымат кызматынын жетекчиси, маалымат катчы Толгонай Стамалиева Сеул шаарында учакта жаңжал чыгарды делген Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары өлкө башчысынын тууганы деген маалымат чындыкка туура келбей турганын билдирди. 

"Сеулдагы министрдин орун басарынын катышуусу менен болуп өткөн инцидентке байланыштуу журналисттерден көптөгөн телефон чалуулар болууда. Ошого байланыштуу ал айым Кыргыз Республикасынын Президентинин жээни деген маалыматты расмий төгүндөйбүз. Президенттин тапшырмасына ылайык Тышкы иштер министрлиги маалыматты тактоодо. Аныктыгы такталса, премьер-министрге ал министрге карата тийиштүү чара көрүү тапшырмасы берилди", — деди Стамалиева.

Элчи Сеулдагы учакта мас болуп жаңжал салган аялдын ким экенин айтты
Бүгүн ЖК депутаты Аида Исмаилова Facebook баракчасына Сеулдан (Түштүк Корея) Алматыга уча турчу аба каттамы Кыргызстанда жогорку кызматта иштеген аялдын чыгарган чырынан кармалып калганын жазган болчу. 

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Сеул — Алматы каттамы боюнча уча турчу учактан түшүрүлгөн жарандын аты Зууракан Каденова экенин билдирген.

Белгилей кетсек, Зууракан Каденова аттуу аял Кыргызстандын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп иштейт.