БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов спортчулар Төрөхан Багынбай уулу жана Акжол Махмудов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, Төрөхан Багынбай уулу Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча алтын байгени утса, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өткөн Дүйнө биринчилигинде коло медалды жана Азиадада күмүш медалды багындырган.
Жолугушууга жаш спортчулардын машыктыруучулары, жакындары келген.
"Калаа башчысы балдарды жеңиши менен куттуктап, Төрөкан Багынбай уулуна 100 миң сом, Акжол Махмудовго 50 миң сом тапшырды", — деп жазылат маалыматта.
Таалайбек Сарыбашов спортчуларды куттуктап жатып, алардын жеңишин бүтүндөй кыргыз эли күткөнүн айтып, мындан ары да бийиктиктерди багынта берүүсүн, өлкө болсо ар дайыма аларды колдоого даяр экенин кошумчалады.