Москвадагы ресторанда теги кыргызстандык делген адамдар ок чыгарды

Мушташтын эки катышуучусу тең Кыргызстанда туулган, бирок Россиянын жарандары экенин кабарланды.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сент. — Sputnik. Москвадагы ресторандардын биринде Кыргызстанда туулган деген адамдар ок чыгардыы. Бул тууралуу "360" телеканалы укук коргоо органдарына таянып кабарлады.

Гинекологдор ымыркайларды кимге сатканы маалым болду
Айтыша кеткен жарандардын бири пневматикалык тапанчасын алып, экинчисин көзгө атып жиберген. Күбөлөр дароо полиция чакырышкан.

Жабыркаган адам ооруканага жактырылган. Телеканал мушташтын эки катышуучусу тең Кыргызстанда туулган бирок Россиянын жарандары экенин кабарлады.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агентинин кабарчысына мушташ "Ысык-Көл" кафесинде катталганын айтып, бирок азырынча окуянын катышуучуларынын жарандыгы жана мушташтын келип чыгуу себептери такталып жатканын билдирди.

Полиция ок чыгарган адамды кармап, иштин чоо-жайын териштирип жатат.