Чарчабаган профессор, тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер. Накен Касиев тууралуу 6 факты

22-сентябрь Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Накен Касиевдин туулган күнү. Медицина илимдеринин доктору, коомдук жана мамлекеттик ишмер 71 жашка толду.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү инсандын баскон жолу жөнүндө кызыктуу алты фактыны сунуштайт.

Элеттен чыккан профессор. Накен Касиев 1947-жылы 22-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энесинен эрте ажырап калгандыктан чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланган. Бала кезинде энеси көп ооруп ак халатчандар алардын үйүнө бат-баттан келип медициналык жардам көргөзүп турган. Ошондон улам болочоктогу профессор дарыгерликти аркалоону чечкен. 

Профессор, завкафедрой КРСУ Накен Касиев

Улуу инсандардын шакирти. Мектепти аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүрүп, кыргыз медицинасындагы Мамбет Мамакеев, Мирсаид Миррахимов, Ойрот Тургунбаев өңдүү чыгаан инсандардан сабак алып, тажрыйба топтогон.

Мыкты уюштуруучу. Эмгек жолун Ош шаарындагы №1 ооруканасынан баштап, кийин эки жылдай Украинада аскер кызматын өтөп жүргөн маалда дарыгер болуп иштеген. Андан соң 15 жылдай Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык жана Нарын облустук ооруканаларында терапевт, кардиолог, башкы дарыгер болуп эмгектенген. 

Профессор, завкафедрой КРСУ Накен Касиев

Менеджер министр. Медицина илимдеринин доктору 1990-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты, Салматтык сактоо министринин орун басары, кийин тогуз жыл министрликти аркалаган. Бул убакыт аралыгында каржынын жоктугунан ара жолдо калган медицинаны жолго салуу үчүн эл аралык уюмдар менен алака түзүп, уюштуруучулук жөндөмүнүн аркасында бир катар ийгиликтерге жете алган.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер. 2000-жылдары эки жылдай мамлекеттик катчы, беш жыл Ош облусунун губернатору жана премьер-министрдин аппаратын убактылуу жетектеп калган жайы бар. Андан сырткары, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерижана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, Улуттук онкология борборунун директору да болгонго жетишкен. 

Профессор, завкафедрой КРСУ Накен Касиев

Тажрыйбалуу устат. Эмгек сиңирген дарыгер байбичеси менен бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Мамлекеттик ишмер учурда 70 жаштан өтүп калганына карабай Кыргызстан — Россия Славян университетинин ден соолук жана коомдун саламаттыгын сактоо кафедрасын жетектеп, жаштарды тарбиялап келет.