Элчи Сеулдагы учакта мас болуп жаңжал салган аялдын ким экенин айтты

Кылычбек Султандын айтымында, түзүлгөн протоколдо жаңжал чыгарган киши Кыргызстандын жараны Зууракан Каденова деп жазылган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Сеул — Алматы каттамы боюнча уча турган учакта түшүнбөстүк жараткан жаран Кыргызстандын жараны Зууракан Каденова экенин КРдин Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан Sputnik агенттигине тастыктады.

Бүгүн ЖК депутаты Аида Исмаилова Facebook баракчасына Сеулдан (Түштүк Корея) Алматыга уча турчу аба каттамы Кыргызстанда жогорку кызматта иштеген аялдын чыгарган чырынан кармалып калганын жазган болчу.

Кылычбек Султандын айтымында, дипломатиялык паспортто, түзүлгөн протоколдо жаңжал чыгарган киши Кыргызстандын жараны Зууракан Каденова деп жазылганын белгиледи.

"Аталган жаран учактан түшүрүлгөндөн кийин элчиликке чалууга аргасыз болушуптур. Элчиликтин эки кызматкери Инчхон аэропортуна чыгып кетишкен. Алар алгач Кыргызстандын жаранына мейманканага барып эс алууну сунуштаганда ал кабыл албай койду. Учурда аэропортко келген элчиликтин кызматкерлери башка багыт боюнча билет таап берүү аракеттерин көрүп жатат", — деди Султан.

Элчи ошондой эле Air Astana авиакомпаниясы Кыргызстандын жараны Зууракан Каденованы кара тизмеге киргизгендиктен эми ал бул компания менен уча албай турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Зууракан Каденова аттуу аял Кыргызстандын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп иштейт.