Ким Чен Ын Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду

Кыргызстан менен Түндүк Кореянын элчилери Москва шаарында жолукту.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго Корей Элдик-Демократиялык Республикасынын түптөлгөнүнүн 70 жылдыгы менен куттуктаганы үчүн ыраазычылык кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ким Чен Ындын Lada Priora автоунаасы менен жүргөн сүрөтү чыкты
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде элчи Болот Отунбаев Түндүк Кореянын элчиси Ким Хен Чжун менен жолукту.

Жолугушуу учурунда Ким Хен Чжун кыргыз элине жана президент Жээнбековго Корей Элдик-Демократиялык Республикасынын түптөлгөнүнүн 70 жылдыгы менен куттуктаганы үчүн ыраазычылык айтып, Ким Чен Ындын ыраазылык кайрылуусун элчи Отунбаевге тапшырды.

Андан сырткары элчилер Кыргызстан менен Түндүк Кореянын эки тараптуу кызматташуусу боюнча пикир алышкан.