Депутат: кыргызстандык мас чиновник аялдын айынан аба каттамы кармалды

Эл өкүлүнүн жазышынча мас болгон аял Кыргызстандын министрликтеринин биринде иштейт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Сеулдан (Түштүк Корея) Алматыга уча турчу аба каттамы Кыргызстанда жогорку кызматта иштеген аялдын айынан кармалып калганын ЖК депутаты Аида Исмаилова Facebook баракчасына жазды.

Эл өкүлүнүн жазышынча окуя бүгүн болгон.

"Сеул — Алматы каттамындагы бардык жүргүнчүлөрдү чыгарышты. Бир жарым саат боюнча биздин министрликтердин биринде иштеген мас аялды алып чыга албай убара болушту. Жазбайын дедим эле, бирок аябай жиним келди… Бүгүн такыр эле учпай калышыбыз да мүмкүн экенин айтышты. Эмне деген шумдук, уят", — деп жазды эл өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигине Алматы аэропортунан Сеулдан келе турчу учак эки сааттай кечигип учуп чыкканын тастыктады. Эмне үчүн андай болгону аэропорттун кызматкерлерине белгисиз. Учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:30да учуп келиши керектигин кошумчалашты.