Жардамдашкыла! Үч жыл мурда жоголгон киши изделип жатат. Сүрөт

Бактыбек Өмүралиев 2015-жылы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Свердлов райондук милициясы 1987-жылы туулган Бактыбек Өмүралиевди издеп жатканын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди. 

Без вести пропавший Бактыбек Омуралиев

Ага ылайык, Өмүралиев 2015-жылы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери бою 165-170 сантиметр, арык чырай, жүзү тоголок, мурду кырдач. Талма менен ооруйт. Андан сырткары, эске тутуусу да начар. Көк джинсы шым, ак көйнөк жана тапичке кийип жүргөн.

Свердлов райондук милициясы эгер Өмүралиевдин кайда экенин билгендер болсо (0553)102-566, (0772) 05-20-00, (0566) 85-58-12 телефондору аркылуу маалымат берүүнү суранат.