Премьер маморгандар менен милицияга ишкерлерден акча алууга тыюу салды

Өкмөт башчы Жалал-Абадда милиция менен болгон окуя жалпы укук коргоо органдарына көлөкө түшүрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев укук коргоо жана мамлекеттик органдарды түрдүү маараке-тойлорду өткөрүү үчүн ишкерлерден акча чогултууну токтотууну буюрду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абылгазиев мисал катары Жалал-Абад ОИИБдин атынан кылмыш иликтөө кызматынын 100 жылдыгын өткөрүүгө каражат жагынан жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүлгөн катты мисал келтирди.

"Укук коргоо органдарынын бардык системасына көлөкө түшүргөн мындай нерсеге жол бербеш керек. Жакшы иштерди жасап жаткандай көрүнгөн мындай акча талап кылууларга катуу чара көрүлөт. Мындай нерселерге мындан ары жол берилбейт", — деди Абылгазиев.

Премьер аталган факты боюнча ички иштер министрлигине тыкыр иликтөө жүргүзүүнү жана кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну тапшырды.