Ошто изделип жаткан өзгөчө коркунучтуу кылмышкер. Учурда эмне белгилүү

Шектүү аны кууп келе жаткан милиция кызматкерлеринин унаасын койдуруп, качып кеткен.
Sputnik

ОШ, 21-сен. – Sputnik. Оштун чет жакасында изделип жаткан кылмышкер Жылдызбек Бекмурзаевдин Mersedes үлгүсүндөгү унаасы аэропорт тарапка кеткен жолдогу жүгөрү талаасынан табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Анын айтымында, кылмышкердин унаасы жүгөрү талаасында баткакка тыгылып калган. Өзү качып кеткен. Аны кармоого Ош шаардык, облустук жана ИИМдин Түштүк аймагы боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. Издөө иштери уланып жатат.

"20-август күнү кылмышкер Талас облусунан Ош облусунун аймагына келгендиги боюнча милицияга ыкчам маалымат келип түшкөн. Ал маалыматтын негизинде калаадагы Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери унааларды текшерүүгө алып, Жылдызбек Бекмурзаевге түспөлдөш адам Mersedes үлгүсүндөгү унаасы менен Курманжан Датка көчөсү аркылуу Шайит-Төбө кичирайонун көздөй бара жатканын байкашкан. Аны токтотууга аракет кылганда ал буйрукка баш ийбей качып жөнөгөн", — деди маектеш.

Ал ошондой эле кылмышкер милиция кызматкерлеринен качып баратып жол таппай калганда, тартип сакчылардын унаасын атайын койдуруп кеткенин маалымдады.

Нарматовдун үйүн тоноп, дагы башкасын жасады делген кишинин сурагы. Видео
"Анын кесепетинен милиция унаасы иштен чыгып калгандыктан, кылмышкер изин жашырууга үлгүргөн", — деди укук коргоо органдарындагы булак.

Белгилей кетсек, кечээ 20-сентябрда Оштун милициясы оор кылмыштарга шектелген Жылдызбек Бекмурзаевди издеп, Оштун чет жакасындагы талааны курчоого алган

Жылдызбек Бекмурзаев 1986-жылы туулган. Зордуктоо, уурулук боюнча бир нече ирет соттолгон. Оор кылмыштарды жасоого айыпталып издөө жарыяланган. 2017-жылдын июль айында ал Казакстандын Костанай шаарында кармалган. Кыргызстандын ИИМи аны экстрадициялоону сураган, бирок казак тарап чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн жарым жылга камап койгон. Бекмурзаев колониядан качып чыгып, ИИМдин версиясы боюнча жаңы кылмыштуу топ түзгөн.