Акжол Махмудов Ошко келди. Депутат менен Чубак ажы балбанга алкоо сөз айтты

Жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов коло байгеге ээ болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бүгүн, 21-сентябрда Ош эл аралык аэропортунан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпионатынан байгелүү кайткан Акжол Махмудовду эл тосуп алды. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

1 / 4
Бүгүн, 21-сентябрда Ош эл аралык аэропортунан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында өткөн Дүйнө чемпионатынан байгелүү кайткан Акжол Махмудовду эл тосуп алды
2 / 4
Салтанатуу иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, спортчунун жакындары жана калаанын тургундары катышты
3 / 4
Акжол Махмудов менен кошо бир учакта Жогорку Кеңештин депутаттары, дин аалымы Чубак ажы Жалилов келген экен
4 / 4
Алар чогуу чыгышып Төрөбай Зулпукаров менен Чубак Ажы Жалилов балбандын колун кысып алкоо сөзүн айтышты.

Салтанатуу иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, спортчунун жакындары жана калаанын тургундары катышты.

"Акжол Махмудов менен кошо бир учакта Жогорку Кеңештин депутаттары, дин аалымы Чубак ажы Жалилов келген экен. Алар чогуу чыгышып Төрөбай Зулпукаров менен Чубак Ажы Жалилов балбандын колун кысып алкоо сөзүн айтышты. Небересин тосуп алууга балбандын чоң атасы да келген. Ал эми шаар жетекчилери Махмудовду медалы менен куттуктап, калпак, чепкен кийгизишти", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Словакиянын Трнава шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов 18-сентябрда коло байгеге ээ болгон. Ага чейин Азия оюндарында күчүн сынап күмүш медаль тагынган.