Радио

Каримова: иммунитет күчтүү болсо оору жукпайт

Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары боюнча дарыгери Бактыгүл Каримова коомдук жайларда жарандар оору жуктуруп алуудан абайлаш керектигин айтты.
Sputnik
Каримова: иммунитет күчтүү болсо оору жукпайт

Эгер организмдин иммунитети күчтүү болсо оору жукпайт. Бул тууралуу Бактыгүл Каримова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мезгил алмашканда тамак-ашка өзгөчө көңүл буруп, витаминге бай азыктар менен тамактануу зарыл. Иммунитеттин күчтүүлүгү оору жуктуруп алуудан сактайт.

"Албетте маршрутканын ичинде 10-15 адам болгон учурда бир адам чүчкүрсө калган 10 адамга жугушу мүмкүн. Бирок бул ошол жердеги бардык жүргүнчүлөр ооруп калат дегендик эмес. Витаминдүү азыктарды жеп, көп суу ичип жүргөн адамдардын иммунитети күчтүүрөөк болот дагы, оору жукпайт. Ал эми ооруп жаткан адамдар көчөгө чыкканда сөзсүз бет кап кийип, ар эки саат сайын аны алмаштырып туруусу зарыл. Убагында алмаштырылбаса микробдор ошол эле жерде калып, айыгуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт", — деди дарыгер.

Ал күз айларында кулак-мурун оорулары күч ала турганын кошумчалады.