Кыргызстандан 280 чет элдик жаран чыгарылса, алардын көбү кытай жарандары

Өлкө аймагынан ошондой эле Азербайжан, Өзбекстан, Грузия, Пакистан жана Тажикстандын мыйзам бузган жарандары чыгарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Быйыл сегиз айдын ичинде Кыргызстандын аймагынан 280 киши чыгарылганын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Алыбаев: миграциялык маселелер боюнча 1977 номуруна чалыңыздар
Асанов өлкөдөн чыгарылгандардын басымдуу бөлүгү Кытайдын жарандары экенин айтты. Андан сырткары, Азербайжандын, Өзбекстандын, Грузиянын, Пакистандын жана Тажикстандын жарандары да бар экенин кошумчалады.

Асанов ошондой эле 2018-жылдын сегиз айында 112 мыйзамсыз миграция фактысы катталып, анын 21и боюнча кылмыш иши козголгонун, 69 факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын белгиледи.

Курсан Асанов мыйзам бузган чет элдиктерди Кыргызстандын аймагынан чыгарууда мамлекеттик бюджеттен бир да тыйын коротулбаганын кошумчалады.