Октябрда Кыргыз драма театры 13 спектакль коёт. Программа

Театралдык сезон Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектакли менен ачылат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргыз улуттук академиялык драма театры 2-октябрь күнү 92-театралдык сезонун ачат. Бул тууралуу аталган маданий мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыз кийимдери National Geographic сүрөтчүсүнүн объективинде
Театралдык сезон 30 жылдан бери салтка айланып калган Жалил Садыковдун "Манастын уулу Семетей" спектакли менен кечки саат 18:00дө салтанаттуу түрдө ачылат.

Академиялык драма театр октябрь айындагы репертуарын көрүүчүлөрүнө сунуштады:

2, 23-октябрь — "Манастын уулу Семетей", Жалил Садыков;

3, 24-октябрь — "Саманчынын жолу", Чыңгыз Айтматов;

4-октябрь — "Үйлөнүү", Николай Гоголь;

5, 14-октябрь — "Абийир кечирбейт", Токтоболот Абдымомунов;

9-октябрь — "Тумар каныша", Бактыгүл Чотурова;

10-октябрь — "Рамяна", Бактыгүл Чотурова;

11-октябрь — "Чыңгызхандын ак булут", Чыңгыз Айтматов;

12-октябрь — "Күйөө бала", Саид Ахмад;

16-октябрь — "Керээз" Кайрат Иманалиев;

17-октябрь — "Күүгүм", Юлия Дамскер;

18-октябрь — "Торостук зөөкүр", Азиз Несин;

19-октябрь — "Бейтааныш", Тунжер Жуженоглу;

20, 21-октябрь — "Өпөң-чычаң" спектаклинин премьерасы, Күмөндөр Абылов.

Жогорудагы спектаклдердин баары саат 18.00дө башталат.