Индияда талак берип ажырашууга тыюу салынды

Талак — бул мыйзамды эске албастан, шарият эрежелерине ылайык үч ирет "талак" деген сөздү айтып туруп оозеки ажырашуу.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Индияда жашаган мусулмандарга талак аркылуу ажырашууга өкмөттүн токтому менен тыюу салынды. Бул тууралуу Times of India басылмасына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

"Мындай чечим өлкөдө аял-эркек дебей тең укуктуулукту сактоо максатында кабыл алынды. Анткени акыркы жылдары жолдошунун чечими менен эле жалгыз бой калган аялдардын саны көбөйдү", — деп жазылат макалада.

Кызык каада. Индиядагы бири-бирин ташка алган фестивалда көп киши жабыркады
Мындан тышкары, акыркы учурларда заманбап технологиялардын өнүгүүсү менен ажырашуу мурдагыдан дагы жеңилдеп калганы айтылат. Мисалы, айрым мусулман өлкөлөрүндө СМС билдирүү аркылуу талак берген эркектер тууралуу маалыматтар бар.

Талак — арабчадан которгондо "бошотуу". Бул мыйзамды эске албастан, шарият эрежелерине ылайык үч ирет "талак" деген сөздү айтып туруп оозеки ажырашуу.