Дастан Бекешев: бийлик ишкерлерди мажбурлап демөөрчү кылып жатат

Эл өкүлү мисалга Көчмөндөр оюндарын алып, мамлекет ишканалардын мойнуна "жардам бересиң" деп милдеттеме койгонун белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев мамлекет ишкерлерди түрдүү иш-чараларга өз эрки менен демөөрчүлүк кылды демиш болуп, аныгында аларды милдеттендирип коюп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн депутаттар парламенттин жалпы жыйынына чогулуп, түрдүү маселелерди карап жатат.

Бекешев мисал катары жакында эле болгон Көчмөндөрдүн оюндарын айтты. Ал белгилегендей, бул иш-чараны уюштуруу үчүн мамлекет ири ишканалардын мойнуна "жардам бересиң" деп милдеттеме илип койгон.

"Мамлекеттик деңгээлдеги мындай көрүнүштү жоюш керек. Бул дагы коррупциянын бир түрү. Бир жактан каралар, экинчи жактар кызылдар сурап жатса, бизнести коргоп жатабыз деп кантип айтабыз? Мындай болбойт!" — деди депутат.

Эске салсак, быйыл Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндары 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө өттү. Аны уюштурууга республикалык бюджеттен 303,1 миллион сом бөлүнгөн.