ЖК Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигин Жогорку соттун судьялыгына жактырды

Депутаттар талапкерге Садыр Жапаровдун кесилиши, сот системасындагы реформа, коррупция тууралуу айтып, өз сунуш-пикирлерин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн шаардык соттун судьясы Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигин жактырды. Эми ал курактык чегине жеткенге чейин Жогорку соттун судьясы болуп иштейт. Добуш берүү жабык электрондук түрдө өтүп, анын талапкерлигине 85 депутат макул десе, 15 депутат каршы болду.

Жаңыл Мамбеталы депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, учурда 56 жашта экенин айтты.

Депутат Садыр Жапаровду соттогон судьяны парламентте жарга такады
Белгилей кетсек, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Жаңыл Мамбеталынын талапкерлигин карап, аны жактырып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын кароосуна жөнөткөн.

Депутаттар талапкерге Садыр Жапаровдун кесилиши, сот системасындагы реформа, коррупция тууралуу айтып, өз сунуш-пикирлерин билдирди.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун иши шаардык сотто каралып жатканда Жаңыл Мамбеталы сот коллегиясынын курамында болгон.

Добуш берүүнүн жыйынтыгынан кийин Жаңыл Мамбеталы дароо ант берди.