2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында жашы жете электердин укугун коргоо боюнча 6724 мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу Нуржан Талантбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул тармакта иштеген 1031 кызматкер жоопко тартылган.
"2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле жашы жете электердин укуктарын коргоо жаатында 6724 мыйзам бузуу аныкталды. Буларды жоюу максатында прокуратура органдары тарабынан 935 акт каралып, жыйынтыгында жалпы 1031 адам жоопко тартылды. Бул багытта 12 кылмыш иши козголуп, жашы жете электердин укугун коргоо үчүн сот органдарына 50 доо арыз келтирилген", — деди Талантбек уулу.
Ал өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун сап башында уурулук турарын кошумчалады.