Дагы бир мамлекет элине марихуана пайдаланууга уруксат берди

Чечим соттордун жапырт макулдугу менен кабыл алынган. Конституциялык сот мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн парламентке эки жылдык убакыт берди.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Түштүк Африка Республикасынын Конституциялык соту коомдук жайлардан сырт жерде марихуана пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты.

Буга көкнаар чегип камакка алынган үч кишинин сотко кайрылганы себеп болгон. Кайрылгандар "тыюу алардын жашоосуна катуу кийлигишип жатканын" айтышкан.

Сот ошондой эле марихуананы сатуу үчүн эмес, жеке пайдалануу максатында өстүрүүгө макул болду. Эми өлкө парламенти үй шартында канча грамм көкнаар сактоого болорун аныктап бекитип бериши керек.

Баңгизат саткан майыптар, тонолгон Илимдер академиясы. 90-жылдардагы кылмыштар
Чечим соттордун жапырт макулдугу менен кабыл алынган. Конституциялык сот мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн парламентке эки жылдык убакыт берди.

Ал эми өкмөт баңгизат адам ден соолугуна зыян деп эсептеп, аны мыйзамдаштырууга каршы болуп келет. Түштүк Африкадагы марихуананы өстүрүү боюнча кеңеш (CDCSA) соттун бул чечимин кубаттап, бийликти баңгизатты сактап камакка алынгандарды эркиндикке чыгарууга чакырды. Соттун чечими тиешелүү мыйзам кабыл алынганга чейинки убакыт аралыгында куугунтуктоодон сактамакчы.

Ал эми республиканын жетекчиси Жереми ЭкшнЮ сот марихуананы коомдук жайларда да чегүүгө уруксат берүү керек болчу деп эсептеп, чечимге ичи чыкпай калганын билдирген.

Марихуана Африканын дээрлик бардык мамлекеттеринде тыюу салынган. Болгону Зимбабве менен Лесото дары-дармек катары колдонууга уруксат берилген.