Марафонго катышууну каалагандар www.tonus.kg сайты аркылуу катталса болот. Бул тууралуу Зина Кабылбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, иш-чарага катышуу баасы чоңдор үчүн 1000 сом, ал эми төрт жаштан 12 жашка чейинки балдарга 200 сомдон.
"Спорт — ден соолуктун мүлкү деген ураан менен биз бул марафонду 2016-жылдан бери өткөрүп келебиз. Жыл сайын катышуучулардын катары калыңдап келе жатат. Быйыл да аталган иш-чара 7-октябрда өтмөкчү. Катышууну каалагандардын баары биздин сайт аркылуу катталса болот. Катышуу акысы чоңдор үчүн 1000 сом. Ал акчага ар бир катышуучуга медаль жасалып, номерлүү чиптер тагылат. Максатыбыз — элди сергек жашоого үндөп, адамдар ортосундагы достук мамилени чыңдоо", — деди Кабылбек кызы.
Ал катышууну каалагандар 6-октябрга чейин катталышы керектигин кошумчалады.