Президентти ташыган авиакомпанияны күчтөндүрүү каралып жатат

Мамлекеттик жалгыз авиакомпания — "Эйр Кыргызстан" 2017-жылы күз айларында жалгыз учагы бузулгандыктан, каттамдарын токтотууга мажбур болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Учурда бир гана президентти ташуу менен алектенген Air KG компаниясын келечекте негизги мамлекеттик авиакомпания кылуу пландалып жатат. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, аталган компанияга батыш үлгүсүндөгү төрт учак сатып алуу планы каралып жатат.

"Бул компанияга эки Boeing жана эки Airbus сатып алып, мамлекеттик ири авиакомпания кылалы деген тилегибиз бар. Бирок азыр мүмкүнчүлүк болбой жатат", — деди Акышев.

Эске салсак, буга чейин жалгыз мамлекеттик авиакомпания деп "Эйр Кыргызстан" саналган. Бирок ал 2017-жылы күз айларында жалгыз учагы бузулгандыктан, каттамдарын токтотууга мажбур болгон.

Президент Жээнбековду ташыган учакты алмаштыруу сунушталды. Себеби эмнеде
2018-жылдын апрель айында аталган компанияга Россияда чыгарылган учактарды сатып алуусу боюнча алгачкы келишимге кол коюлганы айтылган. Бирок эч бир жылыш ушул күнгө чейин билине элек.

Анын мындан кийинки тагдырына кызыгып көргөнүбүздө, азыр "Эйр Кыргызстандын" 49 пайыз акциясын сатып алууга германиялык компания кызыгып жатканын айтып, бирок анын атын атаган жок.

Air KG — "Манас" аэропортунун алдында 2014-жылы каттоодон өткөн авиакомпания. Учурда бир гана Ту 154 үлгүсүндөгү учагы бар. Бирок аны менен өлкөнүн биринчи адамдарын гана ташыйт.