Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда күндүн көзү бузулат

Туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. 21-24-сентябрь күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Октябрда кар жаайбы? Кыргызстан боюнча бир айга карата аба ырайы
21-24-сентябрь күндөрү абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

Чүй өрөөнүндө 16…21, Талас өрөөнүндө 13…18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25 градус жылуу болот.

Тоо этектеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 11…16, тоолуу райондордо 5…10 градус жылуу, бийик тоолуу аймактарда 0…-5 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.