Кыргыздар 300 жылга карый түштүбү? Шамандын айтканы окуу китебине кирген

Тарых булактары жөнүндөгү расмий илимий булактарда кыргыздар тууралуу эскерүү биздин заманга чейинки 201-жылга туура келет.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Өскөн Осмоновдун авторлугунда жарыяланып, жогорку окуу жайларда колдонулган "Кыргызстан тарыхы эң байыркы доордон азыркы мезгилге чейин" аттуу китепте кыргыздар биздин заманга чейинки 530-жылдарда баяндалат.

В учебнике Оскона Осмонова приводится около 10 версий происхождения кыргызов

Белгилей кетсек, тарых булактары жөнүндөгү расмий илимий булактарда кыргыздар тууралуу эскерүү биздин заманга чейинки 201-жылга туура келет.

В разделе про войну саков с персидским царем Киром (530 год до нашей эры) есть упоминание о кыргызах. Это версия общественного деятеля Акая Кене.

Китептин сактардын перс падышасы Кирди жеңгени тууралуу баяндалган башкы бөлүгүндө төмөнкүчө жазылган: "бул согушта өзүнүн эрдиги менен айырмаланган сактардын гвардиясын "кыргычтар" же кыргыздар деп атап башташканы жөнүндө маалыматтар бар".

Аталган китеп Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилип (2017-жылы басылган, кошумчаланган). Автор эмгеги үчүн 2004-2006-жылдары өкмөт тарабынан ардак грамота менен сыйланган.

Отмечается, что учебник для вузов утвержден Министерством образования и науки КР

Баса, Осмоновдун 10-класстар үчүн жазылган китебинде (2012-жылы басылган) сактар менен перстердин согушу баяндалган бөлүгүндө кыргыздар тууралуу айтылган эмес.

"Кыргычтар жөнүндө бул болгону божомол. Анын автору Алтай окумуштуусу Акай Кине. Бул болгону гипотеза… Китепте кыргыздардын келип чыгышы боюнча 10дон ашык версия камтылган. Мисалы, Алтайда ата-энелер балдарын коркуткусу келсе "кыргыч келе жатат" башкача айтканда "кыргыз келе жатат" деп айтышат", — деди Осмонов.

Кыргызстан жөнүндө эмне билесиз? Тест
Акай Кине сактардын гвардиясын "кыргычтар" деп аташканын кантип аныктаганын сураганыбызда китептин автору алтай окумуштуусунун эмгектери менен таанышууну сунуштады.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги бардык китептерди экспертизадан өткөргөн Билим берүү академиясына кайрылуу керектигин айтты. Анткен менен Sputnik агенттигинин кабарчысы аталган академиянын өкүлдөрү менен байланыша алган жок.

ЖМКлардагы маалыматтарга караганда, Акай Кине (чыныгы аты жөнү — Сергей Кыныев) Алтай Республикасынын коомдук ишмери жана Алтай кыргыздары менен шамандардын диний лидери.