Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев кызматтан кетти

Ал бул кызматка 2016-жылы келген.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиевди кызматтан алуу боюнча тийиштүү жарлыкка премьер Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык Арпачиев кызматтан өз ыктыяры менен кетүү боюнча арыз жазган.

Арпачиев 2016-жылы май айында мэрликке шайланган.