Сальто жасап, маңдайы жарыла сүйүнүп. Дүйнө чемпиону Бакировдун финалдагы видеосу

Күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын уткан кыргызстандык Эрбол Бакировдун финалдагы видеосу Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун YouTube каналына жарыяланды.
Sputnik

Ушу тапта дүйнө чемпионаты Словакиянын Трнава шаарында өтүп жатат. 17-сентябрда башталган иш-чара 23-сентябрда соңуна чыгат.

Акжол Махмудов Словакиядагы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту
Кыргызстандан барган балбан 63 килограмм салмак категориясы боюнча күчүн сынап, финалда египеттик Хассан Ахмед Мохамед менен кармашты.

Алгач бир упай артыкчылык менен Египеттин балбаны алдыда бара жаткан. Ошол ыргак менен дагы ыкма жасай коем дегенде Бакиров аны далыга басып койгон. Натыйжада күрөштүн биринчи бөлүгү соңуна чыкпай жатып кыргызстандык болбан таза жеңиш менен алтын медаль утту.

Мелдештин соңунда Бакиров Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмуна маек берип, тынымсыз машыгуунун акыбети кайтып жана Кудайдын колдоосу менен жеңишке жеткенин айткан. Ошондой эле машыктыруучусуна, жакындарына, ата-энесине ыраазычылык билдирген. Ал эми башындагы ак калпагына кызыгып берген суроосуна ал улуттук баш кийим экенин айткан.

Бакиров буга чейин америкалык Алстон Жон Нуттерди, армениялык Грачья Погосян жана Россиядан барган Азамат Каировду утуп финалга чыккан болчу. Аларды да таза жеңиш жана упайдагы чоң айырмачылык менен багынткан.

Баса, Эрбол Бакиров Жогорку Кеңештин депутаты Максат Эгембердиевдин уулу. Спортчу тууралуу мындан башка кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.