Депутаттын уулу! Дүйнө чемпиону Эрбол Бакиров тууралуу 5 факты

Словакияда Трнава шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Эрбол Бакиров алтын медаль тагынды.
Sputnik

Дүйнө чемпиону аталган балбан тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу фактыларды чогултту. Маалыматтарды топтоого чемпиондун апасы Айнура Турабаева жардам берди.

Депутаттын уулу. Эрбол Бакиров Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Эгембердиевдин төртүнчү уулу. Эл өкүлү өзү дагы грек-рим күрөшү боюнча Советтер Союзунун спорт чебери болгон. Депутаттын алты эркек баласы бар. Алтоо тең грек-рим күрөшү менен алектенет. Апасы үй кожойкеси. Мындан сырткары, бул үй-бүлө аймактан келген көптөгөн спортчуларга көмөк көрсөтүп келет. 

Депутат ЖК Максатбек Эгембердиев

Жашы. Эрбол Бакиров 19 жашта.

Билими. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында 3-курста окуйт. 

Чемпионат мира среди юниоров 2018 в Трнаве

16 жашында спорт чебери аталган. Жаш балбан 3-классынан баштап спортко кызыгуусу артып, грем-рим күрөшүнө барып машыга баштаган. 2016-жылы ал Кыргызстанда өткөн күрөш боюнча чемпионатта 1-орунду багынткан. Андан соң Азия чемпионатына жолдомо алып, ал жактан коло медаль алган. Ошол эле жылы Грузиядагы дүйнө чемпионатына барып, ал жактан да 3-орунга илинип, 16 жашында спорттун чебери болгон. 2018-жылы апрель айында Кыргызстанда өткөн чемпионатта 2-орунду алып, дүйнөлүк мелдешке жолдомо алган. Жаш балбандын агайы — Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Алтынбек Саалаев. 

Сальто жасап, маңдайы жарыла сүйүнүп. Дүйнө чемпиону Бакировдун финалдагы видеосу

Таза жеңиш менен чемпион аталды. Эрбол Словакиядагы мелдеште 63 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашып, финалда египеттик Хассан Ахмед Мохамед менен кармашты. Алгач бир упай артыкчылык менен Египеттин балбаны алдыда бара жаткан. Ошол ыргак менен дагы ыкма жасай коем дегенде Бакиров аны далыга басып койгон. Натыйжада күрөштүн биринчи бөлүгү соңуна чыкпай жатып, кыргызстандык болбан таза жеңиш менен алтын алды.

Ал буга чейин америкалык Алстон Жон Нуттерди, армениялык Грачья Погосян жана Россиядан барган Азамат Каировду утуп финалга чыккан болчу. Аларды да таза жеңиш жана упай эсебиндеги чоң айырмачылык менен жеңип алган.