Нарында депутат 15 миң сом пара алып жатып кармалды

Кармалган киши айылдык кеңештин төрагасы экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында Нарындын Ат-Башы районуна караштуу айылдарынын биринин жергиликтүү кеңешинин төрагасы 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди.

1 / 2
Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында Нарындын Ат-Башы районуна караштуу айылдарынын биринин жергиликтүү кеңешинин төрагасы 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
2 / 2
Ал абоненттерди опузалап акча талап кылган фактылары бар экенин айтып, аймактык энергетикалык компаниянын кызматкеринен 20 миң сом сураган.

ИИМдин тергөөчүсү 100 миң сом пара алып жатып кармалды
Маалыматка ылайык, ал абоненттерди опузалап акча талап кылган фактылары бар экенин айтып, аймактык энергетикалык компаниянын кызматкеринен 20 миң сом сураган.

Аталган факты боюнча Нарын облустук прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313 (опузалап пара талап кылуу) беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Кармалган 50 жаштагы киши Нарын шаарынын убактылуу кармоо жайына киргизилди, учурда тергөө жүрүп жатат.