Бир буттуу кыз "Италия сулуусу" сынагында финалга чыкты. Сүрөт

Сынактын тарыхында биринчи ирет эл алдына майып кыз чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бир буттуу Кьяра Борди "Италия сулуусу" сынагында эң мыкты үч кыздын катарын толуктады. Бул тууралуу жергиликтүү The Local басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, 18 жаштагы майып кыз сынактын тарыхында биринчи ирет эл алдына чыкты. Борди интервьюларынын биринде ал үчүн сынакка катышуунун өзү эле жеңиш экенин билдирген.

Бийкеч 13 жашында кырсыктап, велосипед тээп бара жатканда унаа коюп кеткен. Учурда ал шиш така кийүүгө мүмкүнчүлүк берген протез менен жүрөт.