Кыргыз командасын гүлдөткөн машыктыруучу Александр Крестинин тууралуу 5 факты

Бүгүн, 19-сентябрь, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын, бишкектик "Дордой" клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин 40 жашка чыкты.
Sputnik

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыз футболунун өнүгүшүнө салым кошуп жаткан Крестинин тууралуу 5 факты сунуштайт.

Россияда төрөлүп-өскөн. Крестинин Александр Сергеевич 1978-жылы 19-сентябрда Россиянын Краснодар шаарында туулган. Анын спортко болгон шыгын олимпиадалык резервдик мектептин машыктыруучусу байкаган. Балалыгы аталган шаарда өтүп, жергиликтүү футболдук клубда тарбияланган. 

Главный тренер сборной КР по футболу Александр Крестинин

32 жашында Кыргызстанга келген. Футболчу көп убакыт бою Россиянын, Казакстандын белгилүү клубдарында ойноп келген. 2010-жылы Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасынын сунушу менен Кыргызстанга келген. Ал кезде 32 жашта болчу. Крестинин "Нефтчиге" келгенде талапка жооп берерлик шарт болгон эмес. "Кайра кетем" деп жатканда клубдун жетекчилери машыктыруучу болуп берүүнү суранышкан. Ошентип 2010-жылы Крестининдин машыктыруучулук карьерасы башталган. Төрт жылдан кийин улуттук курама команданы даярдай баштаган. 

Президент Сооронбай Жээнбеков встретился со сборной командой Кыргызстана по футболу

Кыргыз командасын гүлдөткөн орус машыктыруучу. Крестининдин улуттук курама команданын башына келгенине төрт жыл болду. Бул аралыкта Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде рекорд жаратып, 200дөн ашык мамлекеттин арасынан 75-орунга илинди. Бул көрсөткүч менен улуттук курама команда Латвия, Эстония, Армения, Финляндия, Өзбекстан жана башка командаларды артка калтырган. 

Товарищеский матч между сборными Кыргызстана и Казахстана по футболу на стадионе имени Долона Омурзакова

Спорттук карьерасындагы ийгиликтери. Беделдүү делген "Колос", "Ростсельмаш-2", "Кубань", "Газовик", "Каспий", "Спартак-Щелково", "Металлург", "Автодор", "Нефтчи", "Легион" командаларында ойноп, бир топ жетишкендиктерге ээ болгон. "Нефтчи" менен 2010-жылы Кыргызстандын чемпиону аталган. 2017-жылдын июнь айынан тарта бишкектик "Дордой" клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалган. 

Главный тренер национальной сборной Кыргызстана по футболу Александр Крестинин

Үй-бүлөлүү. Өзү 19, жубайы 18 жаш курагында баш кошушкан. Бир уул жана бир кызды тарбиялашат.