Акжол Махмудов былтыр жеңилип калган АКШ балбанын утуп койду. Кармаштын видеосу

Күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге үчүн беттеште кыргызстандык Акжол Махмудов АКШнын балбаны Камал Амир Бейди жеңип алды.
Sputnik

Сальто жасап, маңдайы жарыла сүйүнүп. Дүйнө чемпиону Бакировдун финалдагы видеосу
Белгилей кетсек, былтыркы дүйнө чемпионатынын финалында Махмудов дал ушул атаандашы менен кездешип утулуп калган болчу. Бул беттеште аны 8:1 эсеби менен багындырды. Балбандар 77 килограмм салмак категориясында күч сынашкан.

Кыргызстандык балбан чейрек финалда россиялык Ислам Опиевге 1:1 эсеби менен (эрежеге ылайык акыркы упайды атаандашы алганы үчүн — ред.) утулуп калган. Бирок ал финалга чыккандыктан Махмудовго үчүнчү орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Кыргызстандык спортчу алгачкы айлампадагы кармаштарда Иран жана Белоруссиядан барган балбандарды ири эсеп менен жеңип жер караткан.