Женнифер Лопес кыргызстандык кыздардын бийин Instagram баракчасына жүктөдү

Ушул жумада белгилүү аткаруучу жыл башында жарыялаган Allihavefinal15 аттуу флешмоб конкурсунун жыйынтыгын чыгарды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Белгилүү америкалык актриса жана ырчы Женнифер Лопес өзүнүн ырына бийлеген кыргызстандык Эрика менен Эдель Касеновалардын өнөрүн жактырып калган. Бул тууралуу гимнасткалардын апасы Алина Касенова Facebook баракчасына жазды.

Женнифер Лопес өзүнүн Instagram баракчасынын Stories бөлүмүнө кыздардын бийлеген видеосун жүктөп, ыраазычылыгын билдирген.

"Ырчынын менеджерлери кыздардын байланыш номерлерин сурашкан. Алар белек жөнөтүүнү пландап жатышыптыр", — деп жазды Касенова.

Ушул жумада белгилүү аткаруучу жыл башында жарыялаган Allihavefinal15 аттуу флешмоб-конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. Кыргызстандык кыздар сынакка катышуу үчүн февраль айында эле Лопестин Ain't Your Mama деген ырына бийлеп, видеосун жүктөшкөн.

Конкурска жалпысынан эки миң Instagram колдонуучу катышкан.