Радио

Дюсембаев: варикоз оорусунун себеби азыркыга чейин белгисиз

Казакстандын кан тамыр хирург- флебологу Руслан Дюсембаев варикоз оорусу тукум кууйт деген божомолдор бар экенин айтты.
Sputnik
Дюсембаев: варикоз оорусунун себеби азыркыга чейин белгисиз

Варикоз оорусунун себеби азыркыга чейин белгисиз. Бул дартты так бир нерседен пайда болот деп айта албайбыз. Бул тууралуу Руслан Дюсембаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ооруну алдын алуу үчүн жылына эки ирет флебологго көрүнүп туруу зарыл.

"Варикоз — бул өзгөчө кыз-келиндердин арасында жайылган дарт. Анткени аялдар бала төрөп, организми гормондук өзгөрүүлөргө дуушар болот. Бирок бир эле төрөт анын себеби деп ойлоо жаңылыштык. Оор жүк көтөрүүдөн, дайыма бутунда туруп иштөөдөн пайда болушу мүмкүн деп да айтылат. Ошондой эле варикоз тукум кууйт деген да пикирлер бар. Дарыгерге бул оору менен кайрылганда аны дарылоо жолдорун айта алат, ал эми келип чыгуу себебин так айтуу медицинада азырынча мүмкүн эмес", — деди Дюсембаев.

Ал оорунун белгилери билинээр замат тиешелүү адистерге кайрылуу зарылдыгын кошумчалады.