Бизге да керек экен! Тажик милициясы коомдук жайда ороңдогондорду тизгиндейт

Иш-чаранын негизги максаты — коомдук жайлардагы оройлукту токтотуп, жаштарды өзүн адептүү алып жүрүүгө үйрөтүү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Душанбе шаарынын милициясы коомдук жайларда жарандардын бири-бирине орой мамилесин токтотуу үчүн атайын көзөмөл жүргүзөт. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМине шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Карыяны албай кеткен айдоочу: жүргүнчүлөр эшикти жаап алган
Иш-чаранын негизги максаты — коомдук жайлардагы оройлукту токтотуп, жаштарды өзүн адептүү алып жүрүүгө үйрөтүү.

Маалыматка караганда, бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, анын ишмердүүлүгүн ИИМ көзөмөлдөп турмакчы.

Өзбек бийлигинин мындай кадамга барышына коомдогу жат көрүнүштөр, өзгөчө сентябрь айынын башында Душанбе шаарында болгон окуя себеп болгон. Анда 42 жаштагы жаран эл ташыган №25 маршрутканын айдоочусун жүргүнчүлөрдүн көзүнчө тилдеп, айласын кетирген. Бул үчүн ал беш күнгө эркинен ажыратылган.