“Супара” этно комплексинде өрт чыгып, таңга маал өчүрүлдү. Видео

Жеринде 7 өрт өчүрүүчү унаа иштеген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылынын Карагул-Акмат көчөсүндө жайгашкан “Супара” этнокомплексинде түндө өрт чыкканын ӨКМден маалымдашты. 

Билдирмеге караганда, жеринде өрт өчүрүүчү жети унаа иштеп, таңкы саат 6:46да толугу менен өчүрүлгөн. 

Окуянын видеосун Мирлан Муратов аттуу интернет колдонуучу Youtube каналына жүктөгөн. 

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. 

ӨКМ кошумча маалымат берилерин айтты.