ӨКМ "Супара" этно комплексиндеги өрттүн болжолдуу себебин айтты

Түндө өлкө аймагында эки өрт кырсыгы болду.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Алдын ала маалымат боюнча, "Супара" этно комплексинде чыккан өрттүн себеби катары электр жабдууларын туура эмес пайдалануу деп каралып жатат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Аталган жайдагы жалын 1000 чарчы метрге жайылып, алты боз үй күйгөн. Бактыга жараша жаракат алгандар болгон жок.

"Учурда өрттүн келип чыгышынын бир себеби катары "электр жабдууларын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу, зымдардын тийишүүсү" деп каралууда. Так себеби ӨКМдин лабораториялык текшерүүсүнөн кийин белгилүү болот", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Каракол шаарынын "Ак-Тилек" базарындагы өрттүн келип чыгуу себеби алдын ала маалымат боюнча "электр зымдарынын тийишүүсү" деп каралууда.

Аталган базарда 17-сентябрь күнү түнкү саат 22.35тер чамасында өрт чыгып, жалын эки сааттан кийин чектөөгө алынган. Кырсыктын кесепетинен 15 контейнер күйүп кеткени айтылууда.