Өлкөдөгү акыркы үч өрткө криминалдык чөйрөнүн тиешеси барбы? ИИМдин жообу

Милиция өрттүн келип чыгуу себебин тактап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Мадина" (Бишкек), "Ак-Тилек" (Каракол) базарларындагы жана "Супара" этнокомплексиндеги (Аламүдүн району) өрт кырсыктарынан кийин жеринен криминалдык мүнөздөгү эч нерсе табылган жок. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ыкчам-иликтөө топтору өрттүн келип чыгуу себептерин териштирип жатат. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, жакын жерлердеги көзөмөл камераларына түшүп калган видеолор талданууда.

1 / 3
"Мадина" базарындагы өрттүн кесепети
2 / 3
"Ак-Тилек" базарындагы өрттүн кесепети
3 / 3
"Супара" этнокомплексиндеги өрттүн кесепети

"Ушу тапта криминалдык мүнөздөгү материалдар табыла элек. Андыктан үч окуя тең өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгынан улам келип чыккан деп бааланууда. Учурда иликтөө иштери уланып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Темир-тезек эле калыптыр! "Ак-Тилек" базарынын өрттөн кийинки көрүнүшү
Эске салсак, Бишкектеги "Мадина" базарында 15-сентябрга караган түнү өрт чыккан. Анда базардын аймагындагы кездеме сакталган кампа күйүп, өрт 1 500 чарчы метр жерди жалмап кеткен.

Караколдогу "Ак-Тилек" базарындагы тилсиз жоо тууралуу маалымат кечээ, 17-сентябрь күнү катталды. Жеринде төрт өрт өчүрүүчү унаа иштегенине карабай, 15 соода оруну күйүп кетти.

Ушул эле түнү дагы бир ири өрт чыкты. Борбор калаага жакын жердеги "Супара" этнокомплекси жалынга чулганып, өрт таңга маал өчүрүлдү.